«ЭСКЕРҮҮ ПОЕЗДИ» ДОЛБООРУ 21-ИЮНДА БРЕСТ ЧЕБИНЕН СТАРТ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Июнь 2023 ж. 15:32

Көрүлдү: 815

Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда Улуу Ата Мекендик согушта каармандык көрсөткөн шаарлар аркылуу өтүүчү «Эскерүү поезди» долбоору «Брест Баатыр чеби» мемориалдык комплексинен старт алды.

post.title

Брест облустук аткаруу комитетинде «Эскерүү поездинин» жүргүнчүлөрүн Беларусь Республикасынын Улуттук жыйын кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова тосуп алды.

«Эскерүү поездинин» жүрүшү душманга каршы каармандык менен салгылашкан «Брест чебинде» башталышы биз үчүн чоң сыймык. Муну биз баатырдык менен Ата мекенин коргогон ата-бабалар астындагы аткарып жаткан парзыбыз деп билебиз, алардын элесине дагы бир ирет таазим этебиз», - деди ал.

Иш-чарага катышып жаткан делегацияларга долбоордун расмий символдору тапшырылды.

Балдар Брест чебинде болуп, андагы түбөлүк отко гүл чамбарларды коюшту. Кыргыз Республикасынан барган окуучулардын атынан Матиев Амантур сөз сүйлөп, долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Абдибаитов Байзат жана Шералиева Аяна өчпөс отко гүл чамбарларды коюшту.

Белгилей кетсек, «Эскерүү поезди» патриоттук маданий-билим берүү долбоору Россия жана Беларусь парламенттеринин Жогорку палаталарынын башчылары тарабынан демилгеленген. Долбоор 2022-жылдан тарта ишке ашырылууда.

Үстүбүздөгү жылы өтүп жаткан долбоорго Россия Федерациясынан, Беларусь Республикасынан, Кыргыз Республикасынан жана Армения Республикасынан келген окуучулардын делегациясы катышууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар