Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
16 Июнь 2023 ж. 16:33
Көрүлдү: 864
13-14-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрликтеринин улук кызмат адамдарынын VII жолугушуусуна катышты.
Быйылкы жолугушуунун темасы – “Түрк цивилизациясынын көтөрүлүү жылы”.
Жолугушуунун катышуучулары Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын талкуулашты. Натыйжада, алар боордош элдердин байланышын чыңдоо боюнча макулдашышты.