КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫН АКЫРКЫ ЭКЗАМЕНИН ТАПШЫРУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Июнь 2023 ж. 12:23

Көрүлдү: 678

Бүгүн, 16-июнда башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында кыргыз тилинен (орус тилинде окуган класстарда) жана орус тилинен (кыргыз тилинде окуган класстарда) комплекстүү тест жазуу түрүндө жана тандалган предметтер боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өтүп жатат.

post.title

Экзамендер быйыл экинчи жылы Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Zoom аркылуу он-лайн көзөмөлдөнүүдө.

Буга чейин бүтүрүүчүлөр эне тили жана адабияты (2-июнда), математика/алгебра (7-июнда), Кыргызстандын тарыхы (12-июнда) предметтери боюнча экзамен тапшырган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар