Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
2 Июнь 2023 ж. 15:15
Көрүлдү: 863
2023-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков баштаган делегация менен жолугушту.
Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашты. Талкууда кыргыз-орус мектептерин түзүү, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ишмердүүлүгү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча маселелер каралды.
Жыйындын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун милдеттери жана мөөнөттөрү бекитилди.