Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
31 Май 2023 ж. 13:11
Көрүлдү: 529
Бүгүн, 31-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын депутаты Андреас Ларем менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.