МИНИСТР ЖАПОН ПЕДАГОГДОРУ МЕНЕН ТАРБИЯЛООНУН МЕТОДИКАСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Май 2023 ж. 18:22

Көрүлдү: 2043

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борборунун директору Ивай Ацуму, Япониянын “Copel” корпорациясынын президенти, Фукуока университетинин профессору Нобуюки Оцубо, “Copel” методологиясынын авторлошу Кана Оцубо менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун катышуучулары билим берүү маселелерин, өнүгүү илиминин жаңы жетишкендиктерине негизделген тарбиялоо методикасын, Кыргыз-Япон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Коноктор бүгүн И.Арабаев атындагы КМУда мектепке чейинки жана мектептик билим берүү педагогдору үчүн өткөрүлгөн семинар тууралуу айтып беришти.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар