4-8-КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ УЛУТТУК “БААЛОО” ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА САНАРИПТИК ФОРМАТТА ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮП ЖАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Май 2023 ж. 16:04

Көрүлдү: 1052

Ушул жумада 4-8-класстын окуучулары текстти окуу жана түшүнүү, математика жана илимдин негиздери (“Мен жана дүйнө” предмети) боюнча Улуттук "Баалоо" программасынын алкагында тест тапшырууда.

post.title

Ошондой эле окуучулардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн, эмоцияларын башкаруу, чыр-чатактарды жеңе билүү, айланасындагылар менен позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо, эмпатия сыяктуу көндүмдөрү бааланат. Изилдөө баланын мүнөзү анын академиялык жетишкендиктерине жана көндүмдөрүн калыптандырууга кандай таасир тийгизе тургандыгын изилдейт.

Балдардын билим деңгээли баалоо Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору жүргүзүүдө.

“Баалоо” улуттук программасы (мурдагы Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо) 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар