Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Апрель 2023 ж. 15:13
Көрүлдү: 2654
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы №80 Хабибулло Тожиматов атындагы орто мектебине барып, бүтүрүүчүлөр менен иштешүү тажрыйбасы менен таанышты.
Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн бири, жеке ишке катары заманбап үлгүдөгү жабдуулар, интерактивдүү такталар менен жабдылган класстары жаңы корпус куруп берген. Ал ошондой эле долбоор негизинде мектепте кой багуу жана ашкабак өстүрүү сыяктуу айыл чарба иштерин баштаган.
Министр орто мектептин бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруусун жогору баалап, республика боюнча “Бүтүрүүчүлөр ассоциясын” түптөө көздөлүп жатканын билдирди.