ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 15 МЕКТЕП ЖРТдагы ЖОГОРКУ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ҮЧҮН СЫЙЛАНДЫ
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
26 Апрель 2023 ж. 17:36
Көрүлдү: 995
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жалал-Абад облусундагы 15 мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 80% жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тести боюнча 110 баллдан жогору алган мектептердин директорлоруна министрликтин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Ыраазычылык баракчаларын алган мектептер:
Ала-Бука району:
- №37 Үч-Терек орто мектеби;
- №27 М.Сарыбаев орто мектеби;
- №26 Жаңышаар орто мектеби;
- №21 Совет орто мектеби;
- №30 Кара-Үңкүр орто мектеби;
- №35 Сафед-Булан атындагы мектеп-гимназиясы;
Жалал-Абад шаары:
- “Билимкана-Жалал-Абад” орто мектеби;
- №5 Б.Осмонов атындагы гимназия-мектеби;
- “Эверест лицейи” окуу тарбия-комплекси;
- №20 кыргыз-түрк кыздар лицейи;
- №15 Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейи;
Майлуу-Суу шаары:
- №4 Ю.Гагарин атындагы гимназия-мектеби;
Сузак району:
- №96 М.Торомаматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби;
- Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу тарбия-комплекси;
Чаткал району:
- Б. Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби .
Бөлүшүңүз