Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
25 Апрель 2023 ж. 19:01
Көрүлдү: 2451
25-апрелде билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков мектеп окуучуларынын жана студенттердин “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары” Эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышына катышты.
“Форум билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, долбоордук, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле жаштардын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө практикалык катышуусунда чоң роль ойнойт”, - деп белгиледи министрдин биринчи орун басары.
Уланбек Усеков Билим берүү жана илим министрлигинин атынан катышуучуларга ийгиликтерди каалап, форумдун 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.
24-28-апрель күндөрү Бишкекте өтө турган форумга Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын Азербайжандан келген 400дөн ашуун мектеп окуучулары жана студенттер катышууда.