Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
24 Апрель 2023 ж. 13:43
Көрүлдү: 525
24-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өлкөлүк директору Виктор Ветцель, “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” долбоорунун жетекчиси Соня Каббаши-Анджелкович, “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси Толгонай Кудайбергенова жана долбоордун кызматкерлери менен жолугушту.
Министр GIZ кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүү өнөктөштөрдүн бири экендигин баса белгиледи.
Тараптар дуалдык окутууну киргизүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлор аркылуу кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.