КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БУУнун КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ТУРУКТУУ КООРДИНАТОРУ АНТЬЕ ГРАВЕ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Апрель 2023 ж. 18:17

Көрүлдү: 844

Бүгүн, 20-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар билим берүү системасын өзгөртүү маселелерин, анын ичинде Transforming Education Summit - билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммиттин артыкчылыктарын талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн жана БУУнун негизги артыкчылыктарын карашты.

Белгилей кетсек, 17-апрелде БУУнун 2023-2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуунун жаңы программасынын алкагында Кыргызстандагы ишинин негизги приоритеттерин тааныштырууда билим берүү “Сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр” артыкчылыктуу тармагына киргизилген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар