Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
17 Апрель 2023 ж. 18:18
Көрүлдү: 788
14-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов Пуатье университетинин өкүлдөрү менен КУУнун кызматкерлеринин тобунун 20-24-февралда Францияга болгон сапарынын жыйынтыгын талкуулады.
Пуатье университетинин делегациясынын жетекчиси, лингвистика жана филология факультетинин профессору, Борбордук Азия жана Италиянын университеттери менен алмашууга жооптуу Личия Бажини келерки окуу жылында 4 студент Францияга окууга барарын жана француз тилин үйрөнүү боюнча магистрдик программанын долбоору тууралуу айтып берди.
КУУнун өкүлдөрү ювеналдык юстицияны кызматташтык чөйрөсүнө киргизүүнү сунушташты.
17-апрелде Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожабеков Пуатье университетинин делегациясы менен илимий долбоорлорду, кош дипломдуу билим берүү программаларын, алмашуу программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну талкуулады.
Ошондой эле тараптар “Ерасмус+ КА 171” программасынын алкагында кызматташуу жөнүндө келишим түзүштү. Келишимге ылайык, ОшМУнун студенттери Пуатье университетинде семестр ичинде окуй алышат, ал эми окутуучулар эл аралык семинарларга катыша алышат.
Пуатье университетинин сайты - https://www.univ-poitiers.fr/en/
Маалымат булактары - https://oshsu.kg/ru/news/1629