КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Апрель 2023 ж. 17:03

Көрүлдү: 769

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк семинарга катышып жаткан Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушту.

post.title

Каныбек Иманалиев өз сөзүндө мектеп директорлору мамлекеттин өзөгүн кармап турган негизги күч экенин белгиледи.

“Биз буга чейин Чүй, Талас облустарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорун окутуудан өткөрдүк. Алдыда түштүк регионундагы мектеп директорлорун окутуу турат. Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мектеп директорлорунун орду эбегейсиз. Анткени күчтүү мектеп директору кесипкөй мугалимди тандап алып, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатат”, - деди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар