Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
11 Апрель 2023 ж. 17:02
Көрүлдү: 540
Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 11-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Анын ичинен 119 бала – жеңилдик менен, 10 миң 928 бала – жеңилдиксиз.
Бишкек шаарында 2 миң 580 бала кабыл алынды.
Жалал-Абад облусунан – 1 миң 748 бала.
Чүй облусунан – 1 миң 653 бала.
Ош облусунан – 1 миң 529 бала.
Ысык-Көл облусунан – 1 миң 316 бала.
Баткен облусунан – 1 миң 287 бала.
Талас облусунан – 406 бала.
Нарын облусунан – 367 бала.
Ош шаарынан – 161 бала.
Башкача айтканда, катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:
Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 12,46% ,
Ысык-Көл облусунда – 8,9%,
Баткен облусунда – 7,6%,
Талас облусунда – 5,4%,
Чүй облусунда – 5,4%,
Жалал-Абад облусунда – 4,8%,
Нарын облусунда – 4,6%,
Ош облусунда – 3,7%,
Ош шаарынын – 1,4%.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар бар болсо каттоого болот.
Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт - https://mektep.edu.gov.kg/