Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Апрель 2023 ж. 9:41
Көрүлдү: 2289
2023-жылдын 3-4-апрелинде жалпы билим берүү уюмдарына билим берүү процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмегинин долбоорун даярдоо боюнча комиссия окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептерине талдоо жүргүздү.
Комиссиянын курамына министрликтин жана министрликке караштуу мекемелердин, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунун мектептеринин практик мугалимдери кирген.
Окуу китептерин кароодо комиссиянын алдына эки негизги милдет коюлган:
1. Базалык (негизги) окуу китептери
2. Альтернативалык окуу китептери
3. Өткөөл мезгилдеги окуу китептери
Кошумчалай кетсек, окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде билим берүү процессинде колдонулган окуу китептерин талдоо Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Окуу китептерин даярдоо борборунда, ал эми окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде колдонулган окуу китептерин талдоо Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунун мектептеринде жүргүзүлдү.