Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
4 Апрель 2023 ж. 17:07
Көрүлдү: 2782
Бүгүн, 4-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин төрагалыгы астында PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңейтилген кеңешмеси өттү.
Кеңешмеде мындан аркы кадамдар, иш-аракеттер планынын иш-чараларынын мониторинги, даярдык көрүүдөгү көйгөйлөр, өнөктөштүктүн мүмкүн болгон варианттары талкууланды.
Кыргыз Республикасында PISA-2025 боюнча Улуттук долбоорлоо координатору Оңолкан Уманкулова PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдыктын жүрүшү, аткарылган иштер, көйгөйлөр жана алдыдагы пландар ж.б. боюнча презентация жасады.