«Мекен таануу» окуу китеби боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Сентябрь 2021 ж. 10:41

Көрүлдү: 1277

2-класстардын окуучулары үчүн “Мекен таануу” окуу китеби 2004-жылы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2648-V “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жөнүндө” токтому чыкканга чейин, жарыкка көргөн. Китепке окуу китебинин автору З. Мамбетованын демилгеси боюнча өзгөртүүлөр киргизилген гимндин экинчи куплети басылган.

post.title

Аталган окуу китеби 2004-жылы жарык көргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кайрадан басылып чыккан эмес.

Окуу китебинин автору З. Мамбетова тарабынан окуу китебинин жаңы версиясына түзөтүүлөр киргизилген. 2-класстар үчүн “Мекен таануу” китебинин жаңы версиясында, жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Гимнинин тексти 2 куплетти гана камтыйт.

Ушул тапта башталгыч класстар үчүн жаңы предметтик стандарттар иштелип чыгууда. Алар бекитилгенден кийин министрлик 1 – 4-класстар үчүн жаңы окуу китептерин иштеп чыгууга конкурс жарыялайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар