КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “САНАРИПТЕШТИРҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНИН АЖЫРАГЫС БӨЛҮГҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Март 2023 ж. 17:37

Көрүлдү: 455

“Заманбап университет социалдык маселелерди кеминде 20 жыл мурун изилдеп, коомго туура багыт бериши керек. Мисалы, университет окумуштуулары 2000-жылдары эле 12 жылдык окууну ар тараптуу талдап, илимий сунуштарды бериши керек болчу”, - деди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп-анализ жыйынында.

post.title

Министрдин айтымында, заманбап жогорку окуу жайлар “инклюзивдүү” боло алганда гана туруктуу өнүгө аларын “Почему государства терпят неудачи” бестселлеринин авторлору Ажемоглу менен Робинсондун изилдөөлөрүндө далилденген. Ушул эле убакта “Экстрактивдүү” университеттер өз ресурстарын баалуулук алып келбеген иштерге жумшайт.

Жогорку окуу жайлардын жетекчилигине аталган илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен таанышуу жана иш жүзүндө колдонуу сунушталды.

“Заманбап университетте бардык процесттер 100% санарип платформада жүргүзүлөт. Мындан улам санариптештирүү билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болушу керек. ЖОЖдор эми санариптик дүйнөгө ыңгайлашып, өз программаларына жана ресурстарына онлайн режиминде (синхрондуу жана асинхрондук) көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет”, - деди министр

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар