ОКУУЧУЛАР ШАНДОР ПЕТЕФИНИН ЫРЛАРЫН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ОКУЙ АЛЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Март 2023 ж. 16:25

Көрүлдү: 1253

Бүгүн, 27-мартта билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков венгер акынынын туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган Шандор Петефинин кыргыз тилиндеги “Азаттык жана махабат” китебинин бет ачарына катышты.

post.title

Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги мектептердин китепканаларына берүү үчүн 100 нускадагы китепти билим берүү жана илим министрлигине тапшырды.

Биздин өлкөлөр билим берүү тармагында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, анын ичинде Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн стипендияларды бөлүп берүү,  2017-жылдан бери Венгрияга 488 студент жөнөтүлгөн; Кыргыз-Венгрия ректорлорунун I конференциясы өткөрүлдү, кыргыз-венгер университеттеринин консорциуму түзүлдү, тараптар кыргыз жана венгер маданияты боюнча материалдарды эки өлкөнүн университеттерине тапшырышты, Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргыз Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде венгр тилинен сабак берилет.

Кошумчалай кетсек, Шандор Петефи (1823-1849) Венгриянын улуттук акыны, 1848-1949 – жылдардагы революциянын лидерлеринин бири.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар