ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ ОКУТУУДАН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Март 2023 ж. 16:52

Көрүлдү: 554

Чүй облусу боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору 3 күндүк окутуудан өттү.

post.title

Окутуулардын жабылыш аземине Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышты.


Токтобүбү Ашымбаева мындай саамалыктар билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн аба менен суудай зарыл экенин, окутууга катышкан директорлор 3 күн да болсо алынган билимин өз ишмердүүлүгүндө эффективдүү пайдаланарына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган окутууларга Чүй облусунан 350 мектеп директору катышты. Окутуулар өлкө боюнча өткөрүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар