Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Март 2023 ж. 11:28
Көрүлдү: 1284
Бүгүн, 23-мартта “Газпром Кыргызстан” мектебинде Чүй облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 3 күндүк семинар башталды. Семинарга жалпысынан 350 угуучу катышып, он-лайн жана офлайн форматта өтүүдө.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүүдө эң негизги таяныч – мектеп директорлору экендигин айтып, директорлор билим берүү борборлору, жогорку окуу жайлар (жеке жана мамлекеттигине карабай), илимий институттар менен тыгыз иштешүүгө умтулуусу керектигин билдирди.
“Биз республикадагы бардык мектеп директорлору менен жолугуу максатын көздөп жатабыз. Бүгүн Кыргызстандагы белгилүү мугалимдер, тренерлер, лекторлор, эксперттерди чакырып, директорлорду төрт багытта окутууну баштадык. Мындан ары иш-чараларга жеке, мамлекеттик деп бөлбөөбүз керек. Баарыбыздын максатыбыз бир, ошондуктан жеке мектептер менен кызматташтыкты, интеграцияны күчөтүүбүз зарыл. Бири-бирибизден үйрөнө турган нерселер көп. Мектеп директору 3 жыл сайын кайра даярдоодон өтүп туруусу абзел. Ар бир директор билим берүү боюнча гранттарды жазууну үйрөнүүсү керек, айрыкча кен байлыктары мол болгон аймактарда”, - деди министр өз сөзүндө.
Ошондой эле Каныбек Иманалиев убагында Касым Тыныстанов менен Ишенаалы Арабаев экөө эле коомдун билим деңгээлин көтөрүп койгондугун баса белгиледи.
Окутуунун биринчи күнүндө төмөндөгү темаларда презентациялар жасалып, чакан лекциялар өтүлөт:
Презентация жасай турган тренерлердин арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү – Орозали Сайдилканов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү – Гапыр Мадаминов бар.
Окутуунун максаты – Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине учурдун талабына ылайык заманбап натыйжалуу менеджерлик башкаруунун усулдары, ыкмалары, каражаттары менен тааныштыруу жана талкулоо, жеке иш тажрыйбалары менен бөлүшүү, билим берүү уюмдарына каражат тартуу боюнча долбоор жазууну үйрөнүү, эл аралык PISA программасына, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу.
Эскерте кетсек, семинар 23-марттан 26-мартка чейин созулат. Семинардын программасы менен бул жерден тааныша аласыз.