КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ ТӨРТ БАГЫТТА ОКУТУУДАН ӨТӨТ”
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Март 2023 ж. 17:27
Көрүлдү: 1349
Бүгүн, 22-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегия өттү.
Коллегияда министр өлкөдө 2 миң 500 мектеп директору бар экендигин айтып, алар 4 багытта окутуудан өтөрүн билдирди.
- Азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?
- Мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазуу керек?
- ЖРТда кантип жалпы деңгээлди көтөрүү керек?
- PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды күчөтүү.
Бөлүшүңүз