Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Март 2023 ж. 16:28
Көрүлдү: 617
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин көңүлүнө!
Өздөрүн министрликтин кызматкерлери катары тааныштырган алдамчылар компьютердик жабдууларды бөлүп берүү үчүн акча талап кылып жаткан окуялар белгилүү болду.
Билим берүү жана илим министрлиги мындай алдамчылык фактылары боюнча дароо министрликке же укук коргоо органдарына кайрылып, кабарлоо керектигин эскертет.
Билим берүү жана илим министрлигинин байланыштары:
Ишеним телефону +996(312) 62-05-19
Шыр байланыш 1222
Коомдук кабылдама +996(312) 62-05-19
Факс +996(312) 62-05-19
Почта дареги minedukg@gmail.com
Дарек Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720040, К.Тыныстанов көчөсү,257