Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Март 2023 ж. 15:18
Көрүлдү: 619
Бүгүн, 22-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегия өттү.
Коллегия мүчөлөрү Чүй облусунун жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли 2022-жыл үчүн канааттандырарлык эмес деп таап, бир катар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо токтомун чыгарды.
Бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн Ысык- Ата, Панфилов райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги (кызмат орду), Кемин, Москва райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына эскертүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнө сөгүш берүү каралат.
Сөгүш берүү тууралуу Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сунуш берилет.
Ошондой эле Чүй облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн 13 мектеп директорунун жоопкерчилигин карап чыгат.
Мектептер: