ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИКТИН РЕСУРСТУК БОРБОРЛОРУН УЮШТУРУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Март 2023 ж. 15:44

Көрүлдү: 601

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 14-мартта “Педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлорун уюштуруу жөнүндө” буйрукка кол койду.

post.title

Буйрук алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жана инновациялык методологияларды жайылтуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына 1-апрелден тартып өзүнүн базасында бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарынын эсебинен Педагогикалык чеберчиликтин ресурстук борборлорун түзүүгө укук берилет.

Кыргыз билим берүү академиясына эксперттерди жана жарандык чеберчиликтин өкүлдөрүн тартуу менен ресурстук борборлор жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу тапшырылды.

Билдирүүнүн формасы

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар