Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
16 Март 2023 ж. 14:28
Көрүлдү: 532
16-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ЮНИСЕФтин балдардын жашоо жана өнүгүү маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Томоя Сонода, ЮНИСЕФтин консультанты Фарида Рыскулуева, билим берүү боюнча координатор Марлен Алишевдин катышуусунда өткөн жыйынга катышты.
“Коопсуз билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу” долбоору 2023-2027-жылдары ишке ашырылары пландалууда. Долбоордун жалпы наркы 75 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 60 миллион доллары Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы жана 15 миллион доллары Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (Global Partnership for Education) гранты.