Автор: Борбордук аппарат
17 Сентябрь 2021 ж. 21:44
Көрүлдү: 1028
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов ушул жылдын 16-сентябрында Ош мамлекеттик университетинде болушту.
Жетекчилер ОшМУнун базасында жогорку окуу жайлардын ректорлору, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору менен жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берип, сунуштарын угушту.
Жыйындан соң алар окуу жайдын медицина, эл аралык медицина, медициналык клиникалары жайгашкан Ак-Буура кампусундагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.