КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Март 2023 ж. 12:50

Көрүлдү: 1009

Бүгүн, 14-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы реформаларды талкуулады.

post.title

Талкууга министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, башталгыч кесиптик билим       берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, аталган башкармалыктын кызматкерлери, Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Акпаралы Карабаев ж.б. катышты.

Министр улуттук макамы бар университеттер башталгыч кесиптик билим берүү системасы менен өз ара кызматташуусу керектигин айтты.

Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова башталгыч кесиптик билим берүү системасынын бүгүнкү абалы, келечеги, негизги жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору, дуалдык окутууну уюштуруу, окуу-ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү механизми, кесиптик билим берүүнү өзгөртүү стратегиясы жөнүндө презентация жасады.

Гүлнур Мамырова кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багыттары катары төмөндөгүлөрдү атады:

-        Дуалдык окутууну уюштурууну улантуу;

-        Кесиптик стандарттардын негизинде билим берүү программаларын өркүндөтүү;

-        Жетекчилерди аттестациядан өткөрүү, конкурстук негизде дайындоо;

-        Билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана инклюзивдик билим берүүнү методикалык коштоо;

-        Жашыл экономика чөйрөсүндөгү тенденцияларды эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуу;

-        Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборлорун түзүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар