ОКУТУУЧУЛАР БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИН ЗАМАНБАП ДАЯРДООНУ ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Март 2023 ж. 15:56

Көрүлдү: 475

10-мартта Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын жана колледждердин кызматкерлери, аспиранттары жана студенттери, башталгыч билим берүүнүн педагогикасынын изилдөөчүлөрү, башталгыч класстардын мугалимдери үчүн "Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо" темасында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

post.title

Конференциянын максаты - жаңы билим берүү стандарттарын эске алуу менен башталгыч класстардын мугалимдерин кесипке даярдоо программаларын жакшыртуу, башталгыч класстарда окутуунун методикасын өркүндөтүү боюнча ЖОЖдордун жана колледждердин потенциалын өнүктүрүү жана алдыңкы тажрыйба алмашуу.

Конференция Билим берүү жана илим министрлиги менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жакын арада Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын педагогикалык жогорку окуу жайлары жана колледждери үчүн ушундай конференцияны өткөрүү пландаштырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар