Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
9 Март 2023 ж. 15:00
Көрүлдү: 2202
Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү сынакты өткөрүү жөнүндө жарыя министрликтин расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндү түзөт. Тагыраагы, 2023-жылдын 22-мартына чейин.
Документтерди ар бир облус, шаар өзүнө тиешелүү болгон электрондук дарекке жиберет.
konkurs5.chui.2023@gmail.com
konkurs5.talas.2023@gmail.com
konkurs5.ik.2023@gmail.com
konkurs5.batken.2023@gmail.com
konkurs5.bishkek.2023@gmail.com
Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:
2023-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтсө, ушул эле күнү Ош облусу боюнча Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары боюнча тестирлөө сынагы 2023-жылдын 5-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт. Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча тестирлөө сынагы ушул эле күнү Ош мамлекеттик университетинде болот.
Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 27 ваканттык орун бар.
Сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.
Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 6-мартында республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялаган https://edu.gov.kg/posts/1405/.