Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
9 Март 2023 ж. 14:19
Көрүлдү: 422
Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын кесиптик бирикмелеринин мүчөлөрү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөт 2023-жылдын 10-мартынан 15-мартына чейин саат 18.00.
Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
- жеке арызы;
- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- нотариустан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- жумуш берүүчүнүн жана алардын кесиптик бирикмесинин сунуштамасы;
- паспорттун көчүрмөсү.
Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 62-10-46, 0705155844