ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА НЬЮ-ЙОРКТО САНАРИПТИК АЖЫРЫМДЫН ЧЕЧИЛИШИ ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМА ЖАСАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Март 2023 ж. 13:02

Көрүлдү: 444

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарына умтуларын Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 67-отурумунда билдирди.

post.title

Министрдин орун басары COVID пандемиясы экономикалык өсүштү басаңдатканын, анын натыйжасында гендердик санариптик ажырымды чечүү үчүн кошумча каржылоо булактарына муктаждык пайда болгондугун белгиледи.

 “Эгерде өлкөлөр санариптик тоскоолдуктарды жоюу максатында өнүгүү программаларын каржылоонун жаңы жолу катары карыздарды билим берүү милдеттенмелери (кызматтары) менен реструктуризациялоону колдосо...”.

Аялдардын абалы боюнча комиссиянын быйылкы сессиясы 6-марттан 17-мартка чейин Нью-Йоркто “Санариптик доордо инновациялар, технологиялар жана билим берүү – Гендердик теӊдүүлүккө жетүү үчүн бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү” урааны астында өтүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар