МИНИСТРДИН АЙЫМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Март 2023 ж. 9:27

Көрүлдү: 383

Урматтуу түгөнбөс мээримдин, көөнөрбөс аруулуктун ээлери!

post.title

Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

8-март – сиздердин аруулугуңуздарды, жаз менен кошо чыккан алгачкы байчечекейдей назик жан экениңиздерди айгинелеген жагымдуу күн.

Сиздер бир гана үйдүн куту, жарыгы эмес, мамлекеттин таянычы, тиреги, сыймыгысыздар! Сиздер - эң оболу эне, эже-карындаш, асыл жар же мугалимсиздер.

Караңгыда ай ааламга жарык берсе, аялзаты жашообузду нурдантып, жүрөгүбүздү мээримге бөлөп турат. Сиздер бар биздин жашообуз жаркын, мээримге, жылуулукка бөлөнөт.

Ардактуу асылзат айымдар!

Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!

Майрамыңыздар кут болсун!

Чексиз сый-урматым менен,

Каныбек Иманалиев!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар