АТА-ЭНЕЛЕР ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕРДИ АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Март 2023 ж. 18:36

Көрүлдү: 622

Бишкек шаарындагы “Жетиген” мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Ата-энелер мектеби” программасынын негизинде “Бала бактылуу-аалам бактылуу” аталышындагы семинар өттү.

post.title

Семинарга Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан адистер, “Ата-энелер мектеби” программасы боюнча Бишкек шаарындагы пилоттук мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башчылары жана тарбиячылары катышты.

Семинарда аталган мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларынын ата-энелерине балдардын психофизиологиялык, сезим, акыл-эс, дене-бой тарбиясынын өзгөчөлүктөрү, аларды тарбиялап-өстүрүүнүн ыкмалары жана сүйлөө кебинин өсүүсү боюнча сабактар өткөрүлдү.

Ошондой эле семинардын жүрүшүндө бала тарбиялоодогу ата-бабалардын нарктуу таалим-тарбиялык накыл кептеринин мааниси чечмеленип, балдарды өнүктүрүүдө элдик педагогиканын усулдарын колдонуу сунушталды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар