ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА БИРГЕЛЕШКЕН ЧАРАЛАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Март 2023 ж. 16:55

Көрүлдү: 882

2023-жылдын 3- мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен Ички иштер министрлигинин 2022-2023-окуу жылына республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын жана балдар арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча биргелешкен буйругу чыкты.

post.title

    

    Буйруктун негизинде мектеп окуучуларынын арасында кылмыштардын жана укук бузууга алып келе турган шарттардын себептерин табуу менен билим берүү уюмдарындагы алдын алуу иштеринин абалын иликтөө жана талдоо, анын негизинде аларды жоюу боюнча конкреттүү чаралар кабыл алынат.

    Ошондой эле  республиканын аймагындагы мектептерде балдар менен иштешкен кызматкерлер, аталган мекемелерди күзөткө алган күзөт агенттиктеринин жооптуу жетекчилери менен бирдикте окуучулардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоого, кылмыштуулуктук алдын алууга багытталган иш-чаралар уюштурулат. Андан сырткары балдар жана ата-энелер менен бул багыттагы тыгыз иш алып барылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар