ДЕПУТАТТАР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КЫЗМАТЫНА ДАЙЫНДООНУ ЖАКТЫРЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Март 2023 ж. 17:38

Көрүлдү: 835

2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев Каныбек Капашовичтин Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна талапкерлигин жактырышты.

post.title

Жыйында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Депутаттар бала бакчалардын, мектептердин санын көбөйтүү, ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу, окутуу методологиясын жакшыртуу, кесипке багыт берүү үчүн психологиялык жардам көрсөтүү, инклюзивдик билим берүү үчүн шарттарды түзүү, билим берүү уюмдарынын менеджерлерин даярдоо боюнча суроолорду жана сунуштарды беришти.

Каныбек Иманалиев пландар тууралуу айтып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, жаңы билим берүү модели улуттук, советтик жана эл аралык тажрыйбалардан турат. Жай мезгилинде эксперттик топ жаңы билим берүү стандарттары боюнча иш алып барат. 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги депутаттар тарабынан жактырылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар