7-сентябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлеринин жана жетекчилеринин конференциясы болот

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Сентябрь 2021 ж. 18:39

Көрүлдү: 909

Эртең, 2021-жылдын 7-сентябрында, Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, 23/11 дарегинде жайгашкан «Газпром Кыргызстан мектебинин» базасында Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлеринин жана жетекчилеринин конференциясын өткөрүү пландалууда. Конференциянын темасы: «Сапаттуу билим жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи». Башталышы: саат 10.00.

post.title

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча кмитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана анын орун басарлары Надира Джусупбекова, Нурлан Омуровдордун катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чарага министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн, областтык усулдук борборлордун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышат.   

Урматтуу журналисттер, сиздерди конференцияга катышууга чакырабыз.

Аккредитация үчүн: тел.: 0312 623591, е-mail: bilimpress@gmail.com

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар