Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
27 Январь 2023 ж. 18:24
Көрүлдү: 998
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлерге айлык төлөөнү ар айдын бешинен кечиктирбөө боюнча кат жолдоду.
Катта эгерде айлык-маянаны төлөөдө кечигүүлөр орун ала турган болсо, мекеме жетекчилигине дисциплинардык чаралар колдонулары айтылат.