Автор: Борбордук аппарат
2 Сентябрь 2021 ж. 19:42
Көрүлдү: 1039
Бүгүн Бишкек шаарында “Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарындагы 10 мектепке мектеп жабдууларын тапшыруу аземи болуп өттү.
NAMA эл аралык фонду “Ала-Тоо өнүктүрүү борбору” коомдук фонду жана «NICE Кыргызстан» эл аралык программаларды интеграциялоо борбору менен өнөктөштүктө өлкөнүн ар кайсы региондорундагы 10 мектепке ири сандагы мектеп жабдууларын тапшырды:
• Ноутбук – 18 даана,
• Көп функциялуу принтер (МФУ) – 7 даана,
• Проектор – 22 даана,
• Смарт телевизор – 16 даана,
• Интерактивдүү доска – 26 даана,
• Түстүү принтер – 4 даана,
• Проектор үчүн экран – 2 даана,
• Стол үстүнө коюлуучу компьютер – 19 даана,
• Мектеп партасы – 205 комплект,
• Мугалимдин столу – 13 даана,
• Мугалимдин отургучу – 21 даана,
• Китеп тизчү шкаф – 1 даана.
Кыргызстандын мектептерине мектеп жабдууларын берүү менен окутуп-үйрөтүүнү жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү көздөгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, “Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун” президенти Мохаммед Абделькарим, NAMA фондунун аткаруучу директору Мубарак Базиед, ошондой эле мектеп директорлору катышышты.
Н. Джусупбекова Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды өз башынан кечирип жаткан кезде өлкөнүн билим берүү тармагына жылдар бою колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө министрликтин атынан ыраазычылык билдирди.