“МЫКТЫ КӨП ТИЛДҮҮ МУГАЛИМ” НОМИНАЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Январь 2023 ж. 15:44

Көрүлдү: 509

2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча өткөн иш-чарада “Мыкты көп тилдүү мугалим” номинациясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

post.title

1.    Рахматова Гүльмира Насарбековна – Бишкек шаары, Биринчи май районундагы №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплексинин кыргыз тили жана адабиты мугалими – “Экинчи тил боюнча сабактын шилтемеси” кыргыз, орус, чет тилдери номинациясынын жеңүүчүсү;

2.    Ибраимова Зарина Анарбековна – Чүй облусу, Ысык-Ата районундагы Н.С.Баранов атындагы №2 жалпы орто билим берүү мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалими - “Предмет менен тил интеграциялап окутуу методикасынын негизинде түзүлгөн иштелмеси” номинациясынын жеңүүчүсү;

3.     Заида Жакып кызы, Гүлнур Конокбаева – Бишкек шаарынын  Октябрь районундагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары  –  “Методикалык ыкманы көрсөтүү боюнча видеоматериал” номинациясынын жеңүүчүлөрү;

4.    Салтанат Кеңешчоро кызы – Бишкек шаарынын Октябрь районунун №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси –  “Педагогикалык чеберчилик” эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү. 
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар