МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ЖАРЫЯЛАНГАН АЙЛЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Январь 2023 ж. 13:57

Көрүлдү: 561

Бүгүн, 18-январда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган  айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча салтанаттуу иш-чара катышты.

post.title

Уланбек Мамбетакунов Билим берүү жана илим министрлиги балдар бакчадан баштап көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди окутуунун методикасын жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу аркылуу жарандардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсүнө түрткү берүү милдеттерин аткарып жаткандыгын белгиледи.

“Мамлекеттик тилди жайылтуу – ата-бабаларыбыздын шедеврлери болгон “Манас” эпосу, кыргыз кагандарынын эстеликтериндеги Енисей жазуулары, улуттук фольклор, поэзия жана проза сыяктуу дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы бул тарых, өлкөнүн келечеги” – деди министр.

Аталган иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, коомдук уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, билим берүүнүн бардык  баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Иш-чарада айлыктын алкагында аткарылган иш-чаралар тууралуу видеомаалымат көрсөтүлүп, фотокөргөзмө уюштурулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн иш-чараларга (“Мыкты баяндамачы”, “Көп тилдүү мугалим”, “Заманбап санарип колдонмо”, “Инновациялык усулдуктар” ж.б.) активдүү катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган ардагер мугалимдерге “Мыкты насаатчы” сыйлыгы жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Тиркеме

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар