Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
12 Январь 2023 ж. 13:56
Көрүлдү: 727
Бүгүн, 12-январда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Бишкек шаарындагы мектеп парламентинин билим министрлери менен жолугушту.
Жолугушууда катышуучулар тарабынан билим берүү тармагын жана мектептеги өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын кызматташуусун өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар, демилгелер көтөрүлдү.
Министр Уланбек Мамбетакунов министрлик жаштардын демилгелерин колдоону улантарын белгиледи.