НЕКРОЛОГ – ШААРКАН  КЕНЖЕГУЛОВА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Январь 2023 ж. 12:30

Көрүлдү: 439

2023-жылдын 10-январында Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эл агартуунун мыктысы Шааркан Кенжегулова дүйнөдөн кайтты.

post.title

Шааркан Кенжегулова 1930-жылы Ат-Башы районунун Кара-Тал айылында жарык дүйнөгө келген.

Билими:

1952-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүтүргөн.

1953-1957-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1957-жылы – Жумгал районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебине иштөөгө жолдомо менен жөнөтүлгөн.

1959-жылы – Таш-Дөбө жети жылдык мектебине директор болуп дайындалган.

Сыйлыктары жана наамдары:

-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими ардак наамы;

- Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси;

-Октябрь революциясы” ордени;

-Эмгек Кызыл Туу ордени;

- Баатыр эне” ордени.

Шааркан Кенжегулова 4 уул, 4 кызды тарбиялап өстүргөн.

КР Билим берүү жана илим министрлиги Шааркан Кенжегулованын туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар