Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
12 Декабрь 2022 ж. 17:21
Көрүлдү: 429
Бүгүн, 12-декабрда Билим берүү жана илим министриУланбек Мамбетакунов, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана “Окуу керемет!” долбоорунун директору Сауле Хамзина улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ала-Тоо” аянтындагы эстелигине гүл коюшту.
Кыргызстанда 12-декабрь — жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.