Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
21 Ноябрь 2022 ж. 14:43
Көрүлдү: 2111
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болду.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 22-ноябрда өтөт.
Ваканттык орундардын саны - 58
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 174
Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 80ден талапкер катышат.
Талас мамлекеттик университетинде 22-ноябрда өтөт.
Ваканттык орундардын саны - 14
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 42
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 42 талапкер катышат.
Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 24-ноябрда өтөт.
Ваканттык орундардын саны - 17
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 50
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 50 талапкер катышат.
Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 24-ноябрда өтөт.
Ваканттык орундардын саны - 10
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 30
Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 30 талапкер катышат.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 30-ноябрда жана 1-декабарда өтөт.
Ваканттык орундардын саны - 105
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 300
Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 70ден талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтүп, ага 70 адам катышат.
Ош мамлекеттик университетинде 30-ноябрда жана 1-декабарда өтөт.
Ваканттык орундардын саны - 101
Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) - 300
Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 70ден талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтүп, ага 70 адам катышат.