Ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгууда

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

9 Август 2021 ж. 18:15

Көрүлдү: 1551

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде Ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме боюнча коммуникациялык стратегиянын бет ачары өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Нурлан Омуров, ошондой эле министрликтин жооптуу кызматкерлери, ЮНИСЕФтин программаларынын координаторлору жана консультанттары катышты.

Мобилдик тиркеме KIX долбоорунун алкагында балдарды эрте өнүктүрүү жана төрөлгөндөн 7 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү маселелеринде ата-энелердин потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыгууда. Тиркемеде төрөлгөндөн 7 жашка чейинки курактагы балдарды окутуу, өнүктүрүү, кароо жана багуу боюнча маалымат жайгаштырылат.

Жолугушууда материалдардын мазмуну, бекитүү, адаптациялоо жол-жоболору, мобилдик тиркемени жайылтуу боюнча кадамдар талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар