Көрүлдү: 309
2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Ак жол”, “Эврика”, “Бүчүр” жеке менчик бала бакчаларынын ишмердиги менен жеринен таанышты.
Иш сапарынын алкагында министрликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана социалдык маселелер боюнча комиссиянын өкүлдөрү аталган бала бакчалардын кызматкерлерине мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо механизми, “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча кеңири айтып беришти.
Бул маалыматтар бала бакчалардын жетекчилери үчүн гана эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер үчүн да маанилүү.