Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
БАЛА БАКЧАЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ “1 ЖАШТАН 6 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ” ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 560

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде жаңы мектепке чейинки билим берүү программасы тааныштырылды. Иш-чарага мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышты.

post.title

Аталган программаны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакунов катышуучуларга жаңы программанын түзүлүшү, максаты жана негизги милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

У. Мамбетакуновдун белгилешинче, жаңы программа мектеп жашына чейинки балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, инсан катары калыптануусуна, коом менен өз ара аракеттенүүсүнө жана мектепке ийгиликтүү даярдануусуна багытталган. Программа заманбап стратегияларды, методикалык жана практикалык ыкмаларды камтыйт, педагогикалык кызматкерлерге мектепке чейинки курактагы балдардын кызыгуусуна жана табигый өнүгүүсүнө ылайык иш алып барууга мүмкүндүк түзөт.

Министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова белгилегендей, аталган программа Россия, Өзбекстан, Казакстан, Корея, Япония, Сингапур, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн жана өзүбүздүн алдынкы программаларды изилдөө менен компетенттүүлүккө негизделип иштелип чыккан жана өлкөбүздүн билим берүү системасында жүрүп жаткан трансформациялык процесстерге жооп берет.

Иш-чаранын соңунда Н. Касымова аталган программаны иштеп чыккан жумушчу топко ыраазычылык билдирип, педагогдорду жаңы программаны практикада чыгармачылык менен колдонууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар