Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы
Билим берүү жана илим министрлиги жеке менчик бала бакчалардын ишмердигине мониторинг жүргүзүүнү мерчемдөөдө

Көрүлдү: 990

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 9-мартында интернетке жана социалдык желелерге чыккан 5 жаштагы баланын Бишкек шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалгандыгы тууралуу билдирүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

post.title

Жабырлануучу тарап көрсөткөн Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан “Ала-Тоо” турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага министрлик лицензия берген эмес.

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиялоодон өткөн гана жеке менчик билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берилет жана алар билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында белгиленген талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган балдардын билим сапатын жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилет.

Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо көрсөтүлгөн тартипте лицензия алууга милдеттүү.

Ата-энелер балдарын жеке менчик бала бакчаларга берип жатканда сөзсүз түрдө алардын локалдык документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү керек.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан “Ала-Тоо” турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакча ээсинин мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү аныкталса, бул учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Болуп өткөн окуяга байланыштуу, министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республиканын жеке менчик бала бакчаларынын  ишмердигине балдардын коопсуздугунун камсыздалышы жана лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү мерчемдеп жатат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар